Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы эки кабаттуу контейнер жана анын ичиндеги жууркан, төшөк, эмерек, сыналгы жана документтер күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен болгон шоктугу себеп болгон.
Ошондой эле балдардын от менен болгон шоктугунан улам Араван районунун Октябрь айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу мал сарайдын чатыры жана 2 тонна саман, 1,5 тонна чөп, 200 жүгөрү бакалы күйгөн.