ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: Мода ханышасы Коко Шанель мындан 47 жыл мурун көз жумган

Габриель Коко Шанель 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомур шаарында төрө­л­гөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болот да, атасы кызын католик мектебине киргизет.

Жаштайынан эле мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өрчүй баштайт. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Шанель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самачу.

Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. Ырчылыктан эч пайда көрбөсө да, көптөгөн бай, таасирдүү адамдар менен достошууга жетишкен.

1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Габриель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилегин орундатып, кийим чыгарууну ойлоно баштайт.

Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдардан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгө­рүл­бөгөн кайталангыс жытка ээ.

1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын денеге чапташкан кийимдерди даярдаган. 1920-жылы айымдарга арнап кыска кара көйнөктөрдү тиге баштаган. Башында бул кара көйнөктөр жеткиликтүү күнүмдүк кийим катары гана белгилүү болсо, кийинчерээк ар бир айымдын сүйүп кийген кийимине айланган.

1930-жылдардын аягында, тагыраагы согуштан кийин Габриель бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок 15 жылдан соң 70 жашар Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтып келип, жылына 160 миллион доллар киреше алып келген “Шанель мода үйүн" ачат. Улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель 1971-жылы 10-январда 88 жашында Парижде көз жумган.

10-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан