Бүгүн, 10-январда Бишкек шаарындагы "Алай" спорт комплексинде футзал боюнча өпүрүмдөр арасындагы (U-14) эл аралык мелдеш старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеште 2004-жылы төрөлгөн өспүрүмдөрдөн турган 6 команда катышат. Анда Кыргыз курамасынын (U-14) 2 командасы, Казакстандын "Тулпар" жана "Тараз" командалары, ошондой эле "Алга" жана Футбол борборунун командалары күч сынашат.
Футзал боюнча (U-14) Кыргыз курама командалары аталган мелдешке окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында катышууда.
Беттештердин тизмеси:
10-январь, 1-2-тур (Алай спорт комплекси):
10:30 "Тулпар" (Казакстан) – Футбол борборунун командасы;
11:10 "Тараз" (Казакстан) – Кыргыз курама командасы-2;
11:50 "Алга" – Кыргыз курама командасы-1;
12:40 Футбол борборунун командасы – "Тараз" (Казакстан);
13:10 "Алга" – "Тулпар" (Казакстан);
13:50 Кыргыз курама командасы-1 - Кыргыз курама командасы-2;
11-январь, 3-тур (Арча-Бешик конушундагы ФОК):
11:00 Кыргыз курама командасы-1 - Футбол борборунун командасы;
11:40 Кыргыз курама командасы-2 - "Алга";
12:10 "Тулпар" (Казакстан) – "Тараз" (Казакстан).
12-январь, 4-5-тур (Алай спорт комплекси):
11:00 Футбол борборунун командасы - "Алга";
11:40 Кыргыз курама командасы-2 – "Тулпар" (Казакстан);
12:10 Кыргыз курама командасы-1 – "Тараз" (Казакстан);
12:50 Кыргыз курама командасы-2 - Футбол борборунун командасы;
13:30 "Тараз" (Казакстан) - "Алга";
14:10 "Тулпар" (Казакстан) - Кыргыз курама командасы-1.