"Супер хиттин" катары жаңы келген келиндерди барктоого үндөгөн Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы менен толукталды

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын орду Данияр Эрматовдун аткаруусундагы "Апамдын болчу келини" видеокомпозициясы менен толукталды.

"Клиптин сценарийи режиссёр Эрнист Сыдыковго таандык. Негизги максатыбыз жаңы келген келинди барктай билүү керек деген теманы чагылдыруу болгон. Көптөр клиптеги апанын ролун аткарган айым (ред. Айгүл Курманова) өтө эле жаш деп айтышат. Аны атайын ошентип тандаганбыз. Себеби жаш көрүнгөн апалар абдан көп. Мурда клиптеримдин баарына өзүм катышып жүрсөм, бул ирет чет жакка чакыруулар көп болуп, тартуу иштерине катыша албай калгам", - дейт ырчы.

3-ЯНВАРДАН 10-ЯНВАРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" чыгармасы өткөн жумада алдынкы бештикке илинсе, бул ирет 9-орунда.

8-орун - "Добулбас" тобунун"Жайна" клиби мурунку жумага салыштырмалуу бир тепкичке төмөндөгөн.

7-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби 7-орунга ээ болгон.

6-орун - Өткөн жумада Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби эң көп добушка ээ болуп жеңүүчү аталса, бул ирет өтө эле аз каралган.

5-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы алдынкы бештикке илинген.

4-орун - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы мурунку жумага караганда 2 тепкичке жогорулаган.

3-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы орун алган.

2-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ырынын клиби 2-орунда.

1-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңыдан кошулган Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан