2018-жылы футбол боюнча өлкө биринчилиги Топ-Лигада 8 команда катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынын маалымат катчысы билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 9-январда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын имаратында маалымат жыйын өтүп, Өлкө чемпиондугунун жаңы сезону тууралуу талкуу болгон. Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков келе жаткан сезондо 8 команда катыша турганын айткан.
"2017-жылы катышкан 6 командага, быйыл 2 команда кошулат. Алар Бишкектеги Футбол борборунун жана Ош шаарындагы Футбол академиясынын командалары", - деди Медербек Сыдыков.
Эске салсак, 2017-жылы Топ-Лигада 6 команда катышкан. Алар бишкектик "Дордой" жана "Алга", Оштун "Алай", Канттын "Абдыш-Ата", Кара-Балтанын "Кара-Балта" жана Кочкор-Атанын "Нефтчи" командалары. Мелдештин жыйынтыгында чемпиондукту Оштун "Алай" командасы багындырган.