SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Бакыт Осмонканов режиссёрлук кылган "План Б" тасмасы менен толукталды.
Фильмдин башкы каармандарынын образдарын Бакыт Осмонканов, Улан Чыналиев, Айжан Аденова жаратышкан.
Кинонун режиссёрунун айтымында, фильм 2016-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон.
“Фильм 2016-жылы тартылган. Жарым жылда толугу менен тартуу иштери соңуна чыккан. Актёрлордун баарын шаардагы театрлардан тандап алганбыз. Фильм адам үчүн башкы орунда карьера же байлык эмес, жакын адамдарынын ден соолугу, алардын амандыгы маанилүү экендигин көрсөтөт. Айта кетсем, бул тасма 2016-жылдын эң кирешелүү киносу болгон", - дейт Осмонканов.
"План Б" тасмасы жашы 30га чыкса да карьера, "бутка турганда" үйлөнөм деп жүргөн Бакыт аттуу бойдок жигит тууралуу болот. Бакыт өнөктөшү менен жүргүзүп жаткан жумушу жакшы болуш үчүн инвестор издейт. Инвесторлордун баары кризис, акча жок деп баш тартышат. Араң тапкан инвестору келишим түзүү үчүн ишкер үй-бүлөлүү болуш керек деген талап коёт. Тез арада үйлөнүү же убактылуу аялдын ролун ойногонго кыз табуу керек эле. Башкы каарман Бакыттын сүйгөн кызы таарынып сүйлөшпөй койгондуктан, кол алдында иштеген кыз убактылуу аялдын милдеттерин аткармакчы болот. Кызыктын баары инвестордун башкы каармандын үй-бүлөсү менен таанышам деген сунушунан кийин башталат...
"План Б" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.