Ырчы Назгүл Токтакунова чет элдин сахнасын багындырууга аракет жасайт

Белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова Кыргыз жеринде гана эмес, чет өлкөнүн сахнасын да багындырууга аракет жасайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы өзү билдирди.

Маалым болгондой, ырчы Кыргыз жеринде ушул эле аты менен чыкса, чет жактарга Yella деген псевдоним менен таанылуу алдында турат.

"Ушул жылга абдан чоң максаттарды койдум. Алардын бири чет жактагы долбоорлорго катышуу, ал жактын сахнасынан өз ордумду табуу. Бирок бул пландарым ишке ашмайынча, кайсы өлкөнүн сахнасын багындырууга аракет кыла турганымды айтпай турайын", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, ырчы биринчи жолу Yella ысымы менен "Как в кино" аталышындагы видеокомпозициясын даярдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
iaau
2018-01-10 13:55:09
Бул ырчы биринчи Кыргызстанды жакшы багындырса болмок.
+18
aidai9594
2018-01-10 14:41:38
Кээ бир ырчы айымдарга караганда уну мыкты. Ийгилик !
+1
rock_rulit
2018-01-10 14:51:38
Ушул кыз иштесе дечүмүн. Сонун ырдайт. Ырдаган жарашат. Өзү да сахнага жарашат. Кыргыз шоу бизнесиндеги ырдай ала турган кыздардын бири. Ийгилик.
+5
Djal1987
2018-01-10 16:07:06
Турмушка чык Сарышка эне бол. Бирди тороп анан ырдай бер.
+9
Nevestkaa
2018-01-10 16:35:12
Айбек Замирбеков экөө эмне болушту.?Биринчи багынтып анан айтса болмок экен.Акчасы жок эле 2этаж үй салам дегендей эле болуп калыптыр го.
+8
Nada
2018-01-10 17:15:05
Ушу тан каласында биринчи Кыргызстандын сахнасын багынтып элге таанымал болуп албайбы. Бишкекте эле жакшы тааныбаса областар да кечирип кой да
+4
Mehazahn57
2018-01-10 20:55:07
Туура кылат. Бизде бааланбайт, мисалы Кайрат Кыргызстанда бааланган эмес. Чет олкодо тагыраагы Орусияда ийгилике жетишти.
+3
aza84
2018-01-10 22:49:54
Бул озу ким биринчи угушум
-2
Guliza85
2018-01-11 02:00:04
Пфффф...кагылайын каралдым Кыргызстаныбызда кыйратып ырдап бутуп,чет олкого таанылайын дегенинден го сенин...Кынылдап,мурдун менен ырдап бизди уят кылбай,уйундо тынч отурчу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан