Максат Надырбеков, Нурзат Токтосунова: "Бир компанияга ишенип алып, 4 миң долларга алданып калдык"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу "Заманыбыздын супер алып баруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова жана анын жолдошу, шоумен Максат Надырбеков. Кандай гана иш-чара болбосун элди башкара билген, өз мезгилинин мыкты алып баруучулары азыркы тапта жаштарга туура багыт көрсөтүп, таланттуу алып баруучуларды даярдай турган мектепти жетектеп келишет. Түгөйлөр 2016-жылдын май айында баш кошушкан. Үйлөнүү тойго 400 адам чакырылып, алардын 80 пайызын белгилүү ырчы-чоорчулар түзгөн. Алпаруучулар тасмаларда да роль жаратууга жетишкен. Нурзат Токтосунова улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр жолун баяндаган "Саякбай" тасмасында айыл башчысынын образын аткарса, Максат Надырбеков "Мегатой", "Эл укпасын" жана башка тасмаларда роль жараткан. Таланттуу түгөйлөргө арнаган жылуу сөздөрүңүз же мыкты суроолоруңуз болсо түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Түз эфир башталды. Коноктор алып баруучунун ойготкуч суроолоруна жооп берүүдө.

15:08 Суроо: Жаңы жылда бири-бириңиздерге кандай белек кылдыңыздар?

"Мен жубайыма зер буюмун белек кылдым. Алгач 3 килограмм алтын белек кылайын дегем, бирок 300 грамм эле болуп калды", - деди Максат Надырбеков тамаша аралаш.

Нурзат Токтосунова: "А мен болсо Максатка кышында үшүбөсүн деп жылуу кийим белек кылдым".

15:11 Суроо: Нурзаттын жүрөгүн кантип багындырдыңыз, кандай курмандыктарга бардыңыз?

Жооп: "Нурзат экөөбүз эң башкысы бири-бирибизди түшүнүшүп, тил табышып кеттик. Нурзат сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен ичинде назик, кичинекей кыздай. Курмандыкка бардым деп деле айтпайм", - дейт жолдошу.

15:15 Суроо: Нурзат эже, сиз тасмаларда мыкты ролдорду жаратасыз. Эмнеге актриса болгон эмессиз?

Нурзат Токтосунова: "Көптөр ошентип айтышат, өзүм деле актриса болууну кыялданчумун. Бирок азыр деле кеч эмес деп ойлойм".

Максат Надырбеков: "Нурзат төрөлгөндө эле актриса болуп төрөлсө керек дебейинби, тамаша. Тасмада мыкты роль жаратканы менен, үйдө кандай болсо ошондой жүрөт".

15:20 Суроо: Сүйүү 3 жылда эскирет деп коёт. Сиздердин баш кошконуңуздарга 3 жылдай болуп калды, сүйүүңүздөр эскирдиби?

Максат Надырбеков: "Сүйүүнү аздектеп, барктаса эч качан эскирбейт деп ойлойм. Түгөйлөр бири-бирине жаман сөз айтпашы керек, анткени ар бир жаман сөз жүрөктө сакталып калат".

Нурзат Токтосунова: "Максат менин үшүгөн жүрөгүмдү жылытып алды. Ал мени "эл эмне дейт" деген ойдон арылтты. Аябай терең ойлонуп, чечим чыгарат. Анын сабырдуулугу көптөгөн маселелерди жөнгө салууга жардам берет".

15:27 Суроо: Максат Нурзаттан кичүү болгону менен, экөө курдаштардай эле көрүнүшөт. Максат, атайын улуу көрүнүү үчүн толдуңбу?

Максат Надырбеков: "Жок, көп кыймылдабай, машыгуу залына барбай толуп кеттим. Жакында туура тамактанып арыктайын деп жатам".

15:31 Суроо: Үй-бүлөдө ким көп каражат табат?

Нурзат Токтосунова: "Ар кандай иш-чараларга чогуу барып, экөөбүз тең акча таап келебиз. Максаттын мындан сырткары өзүнүн бизнеси бар".

Максат Надырбеков: "Акчаны үйдө мен кармайм, канча киреше таба турганым сыр бойдон калсын".

15:34 Суроо: Нурзат, жолдошуң балалуу болгондон кийин "үйдө отур, иштебе" десе макул болот белеңиз?

Нурзат: "Ооба, албетте, отурам. Мисалы, кечээ Максат мени Вьетнамга жибербей койду. Менин оюм боюнча ар бир аял киши күйөөсүн сыйлап, айткан сөзүн угуш керек. Мындай учурда күйөөсү да жакшы мамиле кылып, үй-бүлө бактылуу болот."

15:36 Эфирде кызыктуу оюн орун алды.

15:40 Суроо: Максат, жубайыңдын колун эфир башталгандан бери кармап отурасың. Кичине таарыныша кеттиңер беле?

Максат Надырбеков: "Ар бир мырза аялын элдин көзүнчө эркелетип, жакшы мамиле жасоодон тартынбашы керек деп ойлойм. Анткени аялзаты жакшы мамилеге татыктуу".

15:46 Суроо: Нурзат, жолдошуңузду жаш кыздардан кызганасызбы?

Нурзат Токтосунова: "Жолдошумду такыр кызганбайм. Себеби өзүмө да, Максатка да ишенем. Экөөбүз сүйлөшүп алганбыз, Максат бир жакка кетсе тынчын алып телефон чала бербейм".

15:50 Суроо: Бири-бириңердин өзгөртө албаган кандай сапаттарыңар бар?

Максат Надырбеков: "Нурзаттын өжөрлүгү менен таарынчаактыгын жоюуга мүмкүн эмес".

Нурзат Токтосунова: "Мен алдыга койгон максатыма дайыма жетем. Ошол сапатымдын айынан көп нерсеге жетиштим. Максат бир көңүлү калган киши менен кайра такыр сүйлөшпөйт. А мен болсо кечиримдүүмүн".

15:55 Суроо: Биргеликте кандайдыр бир долбоорду ишке ашырайын деген оюңар барбы?

Нурзат Токтосунова: "Бизде идея көп, бирок эң биринчи максатым - балалуу болуу".

15:57 Суроо: "Сиздер кайсы бир компанияны аябай мактап жарнамаладыңыздар эле. Мен ал компанияга 20 миң сом салып, киреше таппай эле кайра чыгым болдум. Кайсы бир нерсени жарнамалоонун алдында жоопкерчилик тууралуу ойлоносуздарбы?"

Максат Надырбеков, Нурзат Токтосунова: "Бир компанияга ишенип алып, 4 миң долларга алданып калдык. Биз жарнама кылып, өзүбүз да акча салганбыз. Бирок эч кимди акча сал деп мажбурлаган эмеспиз".

16:05 Түгөйлөр окурмандын суранычы боюнча "Энекем" чыгармасын аткарышууда.

16:11 Түз эфир аягына чыкты.

Нурзат Токтосунова: "Бир компанияга ишенип, 4 миң долларга алданып калдык"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Zor_go
2018-01-10 15:23:32
Максат, Нурзаттын колун кое бербей кармап отурасын го, эфирде аябай жагымдуу. кыргыз жигиттеринин баары эле минтип коом алдында аялын жагаарын корсото бербейт. Азамат. Жакты. Эфир алдында таарынышып келдинерби? Нурзат тултундагандай го)
+9
boston___
2018-01-10 15:43:10
Эки жаш уйбулону сактап калуу учун эн биринчи энме кылуусу зарыл деп ойлойстор
0
2016gulanda
2018-01-10 15:44:35
Ит уро берет кербен журо берет. Эл оозунда элек жок суйлой беришет, суйуу жаш карыга карабайт.Азаматсыздар бактылуу болнуздар.
+3
Pchelka85
2018-01-10 15:47:40
Бактылуу болгула!!! Максаттын ушунча жонокой Адам экен. Молодцы. Бактылуу боогула!!.
+3
nuri_s
2018-01-10 15:48:05
Максат молодец! Сага баа бердим. Подкаблучник деген озу коро албагандардан чыккан соз. Негизгиси ынтымакташып жашаш керек да. Биринин ой-тилегин бири сыйлап дегендей. Омур бою бактылуу болгула. Нурзат сен суперсин. Кыскасы таттуу тугойлор. Нурзат уй-булоон туураалуу айтып берчи. Башкача айтканда ата-эне, бир туугандарын тууралуу. Урматтап Толкун
+5
Zor_go
2018-01-10 15:49:42
Эфир жагып жатат. Шандуу, позитивдуу. Максат,Нурзаттын эн кымбат койногун канча сомго алып бергесин? Азыркы койногу абдан жарашыптыр. Тиктирип киесинби?
Нурзат чачынды кантип карайсын? Коп жасалгалайсын тушуп калбады бирок ошол эле учурда.
0
Kirajsjk
2018-01-10 15:49:59
salamatsizdarbi baktiluu bolunuz Nurzat eje...ekonuzdor ten jagasizdar....ulubu kichubu ar kimdin ozunun iwi...til tabiwip biri birinerdi tuwunsonor ele boldu
0
zara
2018-01-10 15:52:47
Нурзат, кайнене менен жашайткенсинер жоолук салынасынбы? Салт менен жашайсынарбы? Кайнене сизге сын же кемчилигинизди керегем сага айтам келиним сен ук деген сыяктуу айткан кун болду? чын айтынызчы.
+1
kadam
2018-01-10 16:24:18
Кыргыздын белдүү кыздарынын бири Нурзат бактылуу болууга толук акысы бар. Бири-бириңерге болгон сый-урмат эч качан жоголбосун. Элдин сыймыгы, үлгүлүү уй-бүлөлөрдөн болуп, тең арып, тең карыгыла.
0
Medinaa
2018-01-10 16:52:56
Сыйлайм
0
Bulak25
2018-01-10 18:32:22
Бакыт каалайм!
Нурзат эже качан торойт болду экен куйормандарын суйунтуп?
+1
Luna15
2018-01-10 19:25:51
Жакшыле суйлогон Максат Орозумбетов суйлой албай калдыго барын эле экоо алпарып еще суроолорду да оздору окушуп негизи эле кыйынкен экоотен
+4
guku_80r
2018-01-10 19:38:34
Сулайман тоого келип сыйынып кеткиле,торогондор коп болгон экен
-3
jarkyn_jakta_jasha
2018-01-10 19:52:21
Нурзат аябай позитивдуу кыз Кудай ага озуно ылайык омур жолдош туш кылыптыр.Бактылуу узак омур сургуло балалуу болгула!!! Алла тала тилегинерди берсин.Чын эле Ошко келгиле Сулайман тоодо Бешик Таш бар .Мен тааныган уч уйбулоо ушул ташка сыйынгандан кийин балалуу болушкан.
0
KIRA.
2018-01-10 20:06:31
эн жакшы интервью беришиптир,Максат иним молодец,издешпей табышыптыр,бактылуук тилейм экооно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан