Бишкекте таксист "жүргүнчүгө күч колдонуп, акчасын жана телефонун тартып алган" деп шектелүүдө

Бишкекте таксист "жүргүнчүгө күч колдонуп, акчасын жана телефонун тартып алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди.

Маалыматка караганда, таксиде кетип бараткан жүргүнчү менен айдоочунун ортосунда түшүнбөстүк чыгып, уруша кеткен. Жыйынтыгында таксист күч колдонуп, жабырлануучунун акчасын жана телефонун тартып алган.

"Окуя 6-январда болгон. Таксист жабырлануучуга телефонун жана акчасын кошуп, жалпысынан 30 миң сомго зыян келтирген. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт Абдылдаева.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ayluu_tun
2018-01-10 16:54:44
Тим эле тыпырайып отуруп бара жатса эле таксист кол салган жок да, жургунчудо дагы бар да айып
+9
gute
2018-01-10 17:03:58
Подстава эле кылып койгон окшойт бечара таксист эптеп ишин кылып журсо
+7
Simels
2018-01-10 17:07:44
Биздин Милициялар дагы мындайда карапайым адамды болушунча акчасын сыгатта эми
+6
Ermekbai
2018-01-10 17:25:07
Акчасын бербесе күч колдонуп телефонун тартып алганго
+4
amirrus
2018-01-10 20:12:32
Байкуш таксист аран журсо акча деп,бербесе сабайт да анан анын да балачакасы бар терпила эркекби ...аял кишини тоносо башка кеп
+3
aza84
2018-01-10 22:41:28
Жакшылык корбойтко тиги терпила башка жагынан эки эселеп чыгар жакшылык корбосун терпила
+1
Bale
2018-01-12 00:58:43
эмнеге сразу эле Байкуш таксист? эмнеге байкуш? балким куно анда

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан