Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан каза болгон 5 жаштагы бала жана анын апасынын аты-жөнү такталды. Ошондой эле аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда катталып анын кесепетинен 5 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болуп, 40 жаштагы аял ооруканага жеткирилген соң көз жумган.
"Унаанын айдоочусу 1970-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди", - деп билдирди.
Каза болгондордун аты-жөнү такталган. Алардын бири 2012-жылы туулган К.Ж. жана анын апасы 1972-жылы туулган Ө.А. болгон. Учурда кырсык тууралуу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркумдардын жансыз денелерин өлүкканадан туугандары алып кетишкени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, кырсык 8-январда эртең мененки саат 7:50 чамасында болгон. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Аламүдүн айылындагы "Чекиш-Ата" базарынын тушунан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.