Орусиянын Тюмень облусунун жашоочусун үйүнө Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстандын, Азербайжандан келген 168 мигрантты каттаганы үчүн мыйзам алдында жооп берет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды Тюмень облусунун Созоново айылынын тургуну өзүнүн авариялык абалдагы үйүнө каттатып жүргөн. Бирок катталган адамдар ал үйдө жашаган эмес. Бул тууралуу ал тийиштүү органдарга 2016-жылдын май айынан тартып 2017-жылдын 6-октябрына чейин маалымат берип турган.
Мындай мыйзам бузгандыгы үчүн жаран чоң суммадагы айып төлөп же болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.