Күбө: "Бишкекте таксист жөө жүргүнчүнү сүзүп, жардам бербей кетти"

Бишкектеги Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен таксист жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан кызды сүзүп, жолдун четине чыгарып туруп кетип калган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

"Жабыркаган кыз жол чырак жашыл күйгөндө жолду кесип өтүүгө аракет кылган. "Мазда" үлгүсүндөгү унаа Киев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө бурулуп, кызды сүзүп кеткен. Жол эрежеси боюнча такси кызды биринчи өткөрүшү керек болчу. Кырсыктан кийин таксист кызга жардам бергендин ордуна "көрбөй калдым" деп жолдун четине чыгарып туруп кетип калды", - дейт күбө.

Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. "Анын денесинде кандай жаракат келгени белгисиз, бирок басып кетти", - деп кошумчалады күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2018-01-11 10:01:38
Басып кетсе эч нерсе болбогондурда
+1
Batma08
2018-01-11 10:02:28
Токтотуп ахыбалын сурап анан аныда жазып койсон болмок экен
+5
Dalil
2018-01-11 11:08:47
Мүмкүн кыз өзү каалабагандыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан