Бишкек ШИИББи: "Чубак Жалиловдун иши 2 факты боюнча иликтенип жатат"

Чубак Жалиловдун иши 2 факты боюнча иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Бишкек ШИИБинен билдиришти.

"Учурда Чубак Жалиловдун иши каралып, тергөөчүлөр 2 факты боюнча иш алып барууда, биринчиси анын эки аял алганы тууралуу билдирүүсү, экинчиси аялынын арызы боюнча. Ага карата кылмыш иши козголо элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Чубак Жалилов 2017-жылы ноябрь айынын аягында элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан.

Мындан улам Бишкек ШИИББи диний ишмерди 2-декабрда жана 4-декабрда суракка алган. ШИИББ Жалилов суроолорго жооп берип жатып "биринчи аялым расмий, экинчи аялым сүйүктүүм" деп айтканын жарыялаган эле. Андан кийин эле диний ишмердин мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган болчу.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
aidar575
2018-01-11 10:48:57
Хожи ака, жакшы ака, популярный ака, илимдуу ака не болудунуз, адаштыныз. Кайран сулуулар,кара каштар, кайран жибиткен жаш дене кимдерди не гана кылбайсын?!
-24
fantomas
2018-01-11 11:11:41
Эмнеге Чубак ажыга конституцияда корсотулгон беренелерди бузуп саясатка мурдун тыкканы учун кылмыш иши козолбойт?!!

Эмнеге Чубак Жалиловго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеш жана президентин шайлоо боюнча мыйзамын бузуп, дин окулу, аалымдар кенешинин мучосу катары шайлоодогу угут иштерине катышканы учун кылмыш иши козголуп жазаланбайт?!!

Чудак ажыга кеминде 4-5 статья менен кылмыш ишин козгоо керек!!!
-24
nazi25
2018-01-11 13:50:55
fantomas,антип аял алгандар толтура да. Эмесе кылмыш иши чондорго да козголушу керек болуп калат.
+11
fantomas
2018-01-11 14:00:36
nazi25, пусть козголсун!!! Мыйзам бар болгон сон иштеш керек!!!
0
shalpak
2018-01-11 11:49:20
Эмнеге дагы эле кылмыш иши козголо элек? Ажыке болсо эле болдубу?!!!
-14
nurgaz
2018-01-11 11:50:45
Чубак ажы туура эле кылган, экинчи аял алганга уруксат берилиш керек.
+14
Adiletia
2018-01-11 12:52:40
nurgaz, личкага жазчы
-15
pusur
2018-01-11 11:55:58
Чубак ажы алга!
+11
Adiletia
2018-01-11 13:03:09
pusur, артка
-17
nurik4554
2018-01-11 12:00:32
Ушу кылмыш ишин козгогондор күйгүздү адамды.Ана жакта канчалаган акчаларды депутаттар жеп атса неге кылмыш ишин козгобойт,мектепке бала бакчага деген акчаларды жеп алыгкан адамдарга неге козгобой кылмыш ишин.
Ушунчалык бош калыптыр Бишкек ШИИБи канчалаган адамдарды тоноп кетип атышат канчалаган адаидарды өлтүрүп кетип атышат ошолорду издебейби.
Ушу Чубак ажакебизди көрүшөт.
Дин адамдарына асылбай эле койушпайбы.
+13
fantomas
2018-01-11 14:03:09
nurik4554, дин адамы дин жолунда журушу керек, саясатка мурдун тыкпай, мыйзамдарды бузбай.....
-1
nurik4554
2018-01-11 12:08:14
Чубак ажыке биз сиз менен!
+8
Adiletia
2018-01-11 15:07:25
nurik4554,
Биз деп элдин баарын кошпо. Элдин баары аңкоо эмес, элдин баары фанат эмес.
-10
admin_superstan
2018-01-11 12:09:52
Adiletia, nurgaz, жеке айтышууларга жол берилбейт.
+5
muslim87
2018-01-11 14:05:33
Кайран элим кайда баратабыз??? Эки аялды өз карамагына алып адал нике менен камкордук кылса бул кылмыш. кыргыздын сыймыгы болгон улуттук баш кийим калпакты итке кийгизсе кылмыш эмес. Эмне деген эл болдук? Суроо көп жооп жок. Дүйнөгө шерменде болмой болдук бул адилетсиздиктен.
+2
admin_superstan
2018-01-11 14:25:53
Adiletia, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+5
erikkarakulja
2018-01-11 14:58:58
кытайга тийгенден коро кыргызга тийип кыргыз торосо оздоруно эле пайдаго ата тегинин намысын сактап калат
+10
erikkarakulja
2018-01-11 15:00:12
эки аял алуу бойунча депутатар колдоп жатпайт беле Эгер мындай болсо кобу эле камалып кететго
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан