Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылынын мурда соттолгон 2 тургуну ок-дары жана баңгизатын сактап жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бостери айылынын мурда соттолгон 2 тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада биринин үйүнөн 3 килограммга чукул баңгизаты, экинчисинин үйүнөн автоматтын 11 даана огу табылган.
"Бул 2 факт боюнча 246-берене (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241-берене (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иштери козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.