Кечээ, 10-январда 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева SUPER.KG порталына билдирди.
"10-январь күнү болжол менен саат 17:44 чамасында А.Б. аттуу БМВ-520 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Айтматов проспектиси менен бара жатып, Мерседес-Бенц D250 унаасын сүзгөн. Андан соң БМВ-520 каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц-S320 унаасына урунган. Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген", - дейт Бекмурзаева.
Учурда кырсыкка кабылган унаалар атайын токтотуучу жайга жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.