Орусиянын жараны аскердик танкты уурдап, аны менен дүкөнгө кирип бир бөтөлкө шарап уурдап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.
Окуя Орусиянын Мурманск облусунун Апатиты шаарында катталган. Жергиликтүү тургун уурдалган МТ-ЛБ үлгүсүндөгү аскердик техника менен бир унааны сүзүп андан соң дүкөндүн эшигин талкалап кирип бир бөтөлкө шарапты уурдап кеткен. Интернетте тургундун кылыгын колдонуучулар жана маалымат булактар "кылымдын карактоосу" деген ойлорун билдиришүүдө.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну танкты айдап качып, шаарды кыдырууну чечкен. Укук коргоо органдары шаар тургуну бир бөтөлкө шарап үчүн дүкөндү тоноого аскер техникасын кантип уурдап кеткенине таң калышкан.
Социалдык тармактарда танкты айдап качкан 29 жаштагы жаран экени белгилүү болгон. Ал "авиация жана флот аскер кызматына ыктыярдуу кол кабыш көрсөтүү коомуна" таандык аскер техникасын уурдай качканы белгилүү болду.