ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: Мындан 5 жыл мурун ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди атып кетишкен

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди 2013-жылы, дал ушул күнү белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан Ак-Тилек кичи районундагы үйүнө келип, унаасын токтотуп жаткан кезде белгисиз кишилер унааны аткылашкан. 35 жаштагы Т.Шоноевдин 9 жерине ок тийип, окуя болгон жерден каза болгон.

Окуядан соң "Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев аттуу адамдар кармалып, алар өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле башка айыпталуучулар У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга эркинен ажыратылган. Булардан тышкары "Женго" аттуу каймана ат менен таанымал Кадырбек Досонов Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип, 2015-жылдын 16-апрелинде кармалган.

2017-жылдын 6-июлунда Кадырбек Досоновду Кара-Суу райондук соту актаган. 3-августта бул ишти Ош облустук соту карап, Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Облустук соттун өкүмү дароо күчүнө киргендиктен Досонов Оштогу №5-СИЗОдон ошол эле күнү бошотулган. Мындан соң жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот ишти 2017-жылдын октябрь айында карап, Кара-Суу райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Кадырбек Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.

Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди кылмыш иликтөө жаатында катардагы иликтөөчүдөн баштап ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бандитизм, буйрутма менен киши өлтүрүү жана опузалап коркутуу бөлүмүнүн башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. Ал өлкөдө болгон чуулгандуу кылмыштардын бетин ачууга катышкан. Журналист Алишер Саипов, Уран Алиев жана Медет Садыркуловдун өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыштарды ачууга салым кошкон. Кызматтагы жетишкендиктери үчүн "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, Макаров өздүк тапанчасы менен жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган. Полковник наамын 2012-жылдын 31-декабрында алган.
Толкунбек Шоноевдин сөөгү 2013-жылы 13-январда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылына коюлган. Анын артында жубайы 5 баласы менен калган.

11-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан