SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Каракол шаарындагы мушташ" деген видео жүктөлдү.
Ал видеодон эки жаатка бөлүнүп, мушташкан белгисиз адамдарды көрүүгө болот. Анда тогуздай адам эки жаат болуп бири-бири менен мушташып, тепкилеше кеткен. Окуя имараттын алдындагы видеокөзөмөлгө түшүп калган. Видеокадрда жазылгандай, мушташ 2018-жылдын 5-январында болгон. Видеону көрүү үчүн бул жерди басыӊыз.