Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн ооруканага которууну суранышты

Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары экс-депутат Өмүрбек Текебаевди ооруканага которууну суранып, ЖАМКга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун атына кайрылуу жөнөтүшкөн. "Кайрылууга бир нече депутаттар кол коюп берген. Ошолордун катарында мен дагы кол коюп бердим. Анда Текебаевдин ден соолугун текшерүүнү сурандык. Мен жакында Текебаев менен жолукканда кан басымы көтөрүлүп жатканы байкалган", - деди Масалиев.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Учурда Текебаев Бишкектеги №47-колониясында жазасын өтөп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Makain
2018-01-11 17:10:38
Кан басымы которулгондорду ооруканага жаткыра берсе киши батпайтко ооруканага.
-13
Jelezo
2018-01-11 18:32:57
Жок жерден АШАнын самалеттогу жүгү менен Максимден калган жерге салган хан сарайын айтам деп камалды
+12
daniel87
2018-01-11 19:01:04
Jelezo,туура айтасыз аны элдин баары билет,чондордун баары билет,АША озу билет,Жээнбеков биздин президент билет,бирок акыйкат жок экенине ушул Текебаевдин сотунан кийин тушундум!баары билет бирок билмексенге салып эч нерсе болбогондой тур корсотуп уялбай эле кайра журушот
+6
Adiletia
2018-01-11 21:01:13
daniel87,
Бети жок бийлик
+5
fora
2018-01-11 18:37:09
Актап эле чыгарыш керек болчу болбогон соз миш менен камап салды Аша ...
+11
daniel87
2018-01-11 19:05:41
fora,Мен элге да капа болдум чынында Текебаев элдин таламын талашып эл тарапта болуп,АШАга кучтуу атандааш болуп турган,бирок Текебаевке жалган жалаа жапканда жакшы колдошкон жок!Текебаев АШАга Дос болуп эл тарапта болбогондо ишениниздер бугунку президент Текебаев болмок!!!
+12
Makain
2018-01-11 19:34:42
Туура эле камалды соттордун жузун корду кандай экенин Теке Эми тушунду
-8
Azatbek83
2018-01-11 21:14:00
Текебаев чыкса Ашага жашаш кыйын болот онойулук менен чыгарбайт!
+4
eddi.kg
2018-01-12 07:36:17
Текебаев чыга турган болсо,азыркы бийликтегилерге жашоо жок.
0
ararat...
2018-01-12 09:18:38
120 депутат тен,Омурбек Текебаевдей принципиалдуу болуп жана чындыкты айтып турушса,мамлекетте жылыш болмок.Ата-Мекен эл менен!
+2
NeRiNa
2018-01-12 13:44:46
Текебаев деле турмодон чыкса АШАнын колун ооп калат, ким эле турмодо жашагысы келсин деп. Бирок, акталып же мунапыс берилип акталбай калды го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан