Белгилүү орусиялык театр жана кино актёру, өзүнүн кайрымдуулук иштери менен эл оозуна алынган Константин Хабенский 1972-жылы 11-январда Санкт-Петербург шаарында жарык дүйнөгө келген. Константиндин атасы инженер болуп эмгектенсе, апасы математика сабагынан мугалим болгон.
Бала кезинде Хабенский актёрлук тууралуу эч ойлонгон эмес. Ал 8-классты бүтүп авиациялык окуу жайга тапшырат. Теория жүзүндө сабактарды мыкты өздөштүргөн актёр 3-курста окуп үйрөнгөн билимин иш жүзүнө ашырууга келгенде, авиация ал үчүн эмес экендигин түшүнүп окуудан чыгып кетет.
Окуудан чыккан соң ар кандай жумуштарда иштеп көрүп, "Ишемби" театр-студиясына жумушчу болуп кирет. Жаш жигитке театрдагы жашоо абдан жагат. Театр жашоосун ичинен көргөн Хабенский искусствонун бул тармагына кызыгып калат.
Алгач ушул эле театрда коюлган спектаклдердин биринде кичинекей эпизоддук ролду ойногон. Дал ушул маалда ал актёр болгусу келерин түшүнгөн. 1990-жылы ал Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.
Окуусун бүткөн соң "Перекрёсток" театрына жумушка кирген. Актёр театрда көптөгөн ролдорду жараткан. Ал эми кинодо актёр алгач өзүн 1991-жылы "Убакытты өткөрүү" аталыштагы тасмасында сынап көргөн. Хабенскийге атактуулукту "Байлар үчүн үй" тасмасы алып келген. Ал "Адмиралъ", "Статтык катчы" тасмаларында, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн "Убойная сила" телесериалында мыкты ролдорду жараткан. Хабенский орусиялык актёрлордун ичинен эң көп маяна алган актёр деп табылган. Анын бир күндүк маянасы 500 миң рубль болсо, жылдык кирешеси 3 миллион долларды түзгөн.
Актёр 2000-жылы журналист Анастасия Смирновага баш кошкон. 2007-жылы түгөйлөр Иван аттуу уулдуу болушкан. Мындан көп өтпөй Анастасияга дарыгерлер рак диагнозун коюшкан. Дарыгерлердин аракетине жана 2 жолу жасалган операцияга карабай 2008-жылы Анастасия оорудан улам көз жумган.
Хабенский үчүн сүйүктүүсүн түбөлүккө жоготуу, тагдырдын оор соккусу болгон. Бул окуядан кийин актёр рак илдетинен жабыр тарткан балдарга колдоо көрсөткөн кайрымдуулук фонд түзгөн. Азыркы тапта актёр тапкан каражатынын көп бөлүгүн балдарга жумшайт. 2013-жылы Констатин экинчи ирет актриса Ольга Литвиновага үйлөнгөн. 2016-жылы түгөйлөр Саша аттуу кыздуу болушкан.
11-январдын жылнаамасы.