Футзал боюнча Кыргыз курамы москвалык "Спартак" менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргыз Республикасынын футзал боюнча курама командасы Азия чемпиондугуна даярдык катары орусиялык "Спартак" менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

"Кыргыз курама командасы Тайбэйде 1-11-февраль аралыгында өтө турган Азия чемпиондугуна даярдануу максатында москвалык "Спартак" клубу менен беттешет. Беттеш Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде 20-январда орун алат", - деп билдиришти футбол федерациясынан.

Маалымдама: "Спартак" (Москва) футбол клубу футзал боюнча Орусиянын 4 жолку чемпиону, Орусия кубогунун 5 жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиондугунун кубогунун 3 жолку жеңүүчүсү.

Беттеш Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mularamov
2018-01-11 19:11:47
kiruu akysyzby
0
Kuyoo_bala
2018-01-12 00:35:13
Utulat kyrgyzdar
0
nur123456
2018-01-12 07:13:21
Е5 спартаг Е5
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан