Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынын аткаминерлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баасы 7 миллион сомдон ашык турган мамлекеттин эсебиндеги жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберген деп Башкы прокуратура Таш-Дөбө айыл аймагынын мамлекеттик кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.
Алар 2011-жылы 11-ноябрда мыйзам бузуу менен 70 сотых жерди Н.У. аттуу жаранга 49 жылга пайдаланууга берген. Ошол эле жер тилкесин 2013-жылы 12-ноябрда ошол учурдагы баасы 7 миллион 356 миң сомду түзгөнүнө карабастан С.Т. аттуу жаранга 125 миң сомго мыйзамсыз сатып жиберген деген айып коюлган.
"Аларга 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (жер мыйзамдарын бузуу), 315-берене ( кызматтык жасалмалуулук), 350-берене (жасалма документтерди жасоо же аларды колдонуу) жана 353-берене (өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголду. Ал жер тилкеси андан кийин бир нече жолу колдон колго өтүп сатылып, турак үйлөр курулуп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.