Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы Пригородное айыл өкмөтүнүн, Аламүдүн райондук Жер бөлүштүрүү жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жана аталган райондун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (паракорчулук) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгоду. Аламүдүн райондук прокуратурасынан маалымдалгандай, кылмыш иши өткөн жылдын 15-декабрында козголгон.
Пригородное айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аталган 2 башкармалыктын кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Үмүт калк жашаган аймактын курулушунун башкы планына калп маалыматтарды киргизишкен. Алар 2011-жылдан тартып 2016-жылга чейин тургундарга мыйзамсыз түрдө 291 жер тилкесин беришкен. Алардын арасында турак жай куруу үчүн да берилген жер тилкелер бар. Ал жердин астында газ өткөрүүчү түтүктөр бар экендигине карабастан берилген жер тилкелерге курулуш эрежелерин бузуу менен 16 үй курулган. Андагы газ түтүктөрү жарылса адам өмүрүн алат деген коркунуч бар.
Ал эми калган жер тилкелери Бишкек шаарындагы ыплас саркындылар агып баруучу жердин аймагынан берилген. Муну менен санитардык-эпидемиологиялык тартиптер жана нормативдер бузулган. Мындан тышкары Сибирь жарасы коркунучу бар аймак менен калк жайгашкан аймактын ортосундагы аралык сакталган эмес. Бул жугуштуу оорунун жайылышына алып келет деген коркунучту жаратат. Мындан тышкары Пригородное айыл өкмөтүнүн жасалма токтомунун негизинде Салкын конушунан мыйзамсыз түрдө 87 жер тилкеси берилген. Анын кесепетинен улам бул жер тилкелерине жеке менчик жана турак жайларды курууга уруксат кагаздары жөнүндөгү мамлекеттик актылар берилген. Кылмыш иши иликтөөнү андан ары улантуу үчүн УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берген.