Кыргыз балбандары Азия чемпиондугуна даярданышууда

Күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын 68 балбаны Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командалары Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы жыйынды Жалал-Абад облусуна караштуу Комсомол айылында өткөрсө, кыз-келиндер курама командасы Бишкек шаарындагы "Изабек" спорт комплексинде машыгып жатат.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Азат Эркимбаев окуу-машыгуу жыйындарына 30 спортчу чакырган. Алардын ичинде эл аралык даражадагы спорт чеберлери Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов, Рустам Тейишов, Руслан Царев, Атабек Азисбеков, Самат Шырдаков жана Мурат Рамонов.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов окуу-машыгуу жыйындарына 19 спортчу чакырган. Алардын ичинде эмгек сиңирген спорт чебери Эламан Догдурбек уулу жана эл аралык даражадагы спорт чебери Улукбек Жолдошбеков.

Кыз-келиндер боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековдун көзөмөлүндө 19 балбан окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Алардын ичинде эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалынын ээси Айпери Медет кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lion.
2018-01-12 02:26:20
Быйыл Азия чемпионаты Бишкекте өтөбү?)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан