Алай районунда 1 адам жардан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгилүү болгондой, окуя бүгүн, 11-январда саат 13:26 чамасында болгон.
"Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында 1978-жылы туулган П.Т. аттуу жаран жардан кулап кеткен. Ал Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну болгон. Маркум Терек-Аңгал жарынан кулап кеткен, ал мас абалында болгон", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Окуя болгон жерде ӨКМнын Алай райондук №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары иш алып барышып, каза болгон жарандын жансыз денесин алып чыгып Алай РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.