Бишкекте үй тоноого шектелип эки жигит кармалды. Алар 43 миң сомдук буюмдарды алып кетишкен

Бишкекте тургундун үйүнө кирип, үй ээсин бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун, күмүш зер буюмдарды жана төш белгилерин уурдап кетүүгө шектелип 2 жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Биринчи Май РИИБине Бишкектеги жаңы конуштардын биринин тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-декабрдан 16сына караган түнү белгисиз 2 адам үйгө кирип, бычак менен коркутуп, баалуу буюмдарды алып кеткендиги тууралуу жазылган. Уурулар үйдөн уюлдук телефон, күмүш зер буюмдарды, акча жана төш белгилерин уурдап кетишкен. Булардын жалпы чыгымы 43 миң сомду түзгөн. Аталган арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, издөө иштери башталган. Бул кылмыш ишине шектелип, Кемин районунун 1991-жылы туулган Ж.А. жана 1998-жылы туулган Э.М. аттуу тургундары кармалышты", - деп жазылат маалыматта.

Колго түшкөн шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга камалып, сурак беришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zamka79
2018-01-12 01:48:19
Акыркы кундору талап тоноо куч алууда.
Бул да болсо жумушсуздук тарбиябыз болсо башка нукка бурулгандай.
+1
Povetkin
2018-01-12 13:05:19
Жумуш жок болсо кылмыштуулуктун саны осот мына минтип кыргызды кыргыз кырып жоготот тиактан чиновниктир бул жактан бири бирин келчек туман всегда..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан