ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Айчүрөк Иманалиева юбилейи менен балдарынын туулган күнүн чогуу белгилей турганын айтты

Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева юбилейин белгилеп жатат. Ырчы уулу Арлен менен кызы Аэлита да дал ушул күнү төрөлгөндүктөн, туулган күндү үчөө биргеликте белгилей турганын айтты.
"Өзүмдүн туулган күнүмдө уулумду төрөп, абдан кубангам. Бирок кызымды да 12-январда төрөйм деп такыр ойлогон эмесмин. Кудай буюруп быйыл балам 18, кызым 13 жашка толушту. Балдарым төрөлгөндөн бери өзүмдүн туулган күнүм экенин унутуп, көбүнчө аларга басым жасап калдым. Анын үстүнө кызыбыз үйдүн кичүүсү болгондуктан анын каалоосун орундатканга аракет кылабыз. Жыл сайын туулган күнүбүздү чогуу өткөрөбүз. Бир канча жылдан бери катташып жүргөн компаниябыз бар. Алар туулган күндү белгилесек да, белгилебесек да үйгө келип куттуктап кетишет. Быйыл да ошол досторубуз, жакындарыбыз менен борбордогу эс алуучу жайлардын биринде чакан кече өткөрүү алдында турабыз", - дейт ырчы.

Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргыз жериндеги элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.
Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.
12-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Adiletia
2018-01-12 13:15:54
Жыргап аткан экен айчүрөк апа
-9
meni_kut
2018-01-12 13:16:44
Adiletia,анжеликасын го э
+4
Adiletia
2018-01-12 13:43:10
meni_kut,
Жыргайтда апашка Анжелика ажырашып атса
+3
laboom
2018-01-12 13:42:51
Tuulgan kununuz menen,kop jashaniz, baldarniz baktiluu bolushcun
+3
barakcha
2018-01-12 14:08:51
Айчурок эже куттуктайбыз!Сиз кыргыз эстрадасынын примадоннасысыз!Бактылуу болунуз.Сизди сыйлайбыз.
+1
aerforce
2018-01-12 14:33:30
Ушул Айчурок менен Анжеликанын пиары бутпой койду бирин биричукуп бири ажырашып тынды супер инфонун ар бир жанылыгында ушулардын аты жазылмайынча болбой калды уже журок айланат
-2
Adiletia
2018-01-12 15:06:34
aerforce,
Апашка эле чукуп атпайбы кайра
-2
Elitta
2018-01-12 15:09:36
Уулу кызы озу,и тиги отурган ким ал жолдошубу же инисиби?
0
Biinura
2018-01-12 15:11:18
Elitta,уулу Арген.
+3
Alibay
2018-01-12 15:14:08
Апчем бактылуу,ушул кунду канча куттунуз эле.(((
+3
u.n.m
2018-01-13 00:02:00
Туулган күнүңүз менен!!!
+1
Mart19
2018-01-13 22:46:20
Кудаай кызы да уулу да бир кундо туулса жакшыго ыя озунун туулган кунуно туштап голливуд актрисалары да торогон эмес бали бактылуу болунуз
+1
Bale
2018-01-16 02:15:34
оа силерди ушул жактан окуп жатат... кирбейт болуш керек ал бул жака
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан