Бүгүн футзал боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеш жыйынтыкталат

Кечээ, 11-январда Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде футзал боюнча өспүрүмдөр арасындагы (U-14) эл аралык мелдештин 3-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште 2004-жылы төрөлгөн өспүрүмдөрдөн турган 6 команда катышууда. Анда Кыргыз курамасынын (U-14) 2 командасы, Казакстандын "Тулпар" жана "Тараз" командалары, ошондой эле "Алга" жана Футбол борборунун командалары атаандашууда.

Мелдеш бүгүн, 12-январда жыйынтыкталмакчы.

3-турдун жыйынтыгы:

Кыргыз курама командасы-1 - Футбол борборунун командасы - 3:4;

Кыргыз курама командасы-2 - "Алга" - 1:2;

"Тулпар" (Казакстан) – "Тараз" (Казакстан) - 2:2.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан