Кыргыз кызы Лондондо өтө турган жыл мыктыларынын аземине катышат

Кыргыз кызы Лондондо өтө турган жыл мыктыларынын аземине катышат. Гримдөөчү Айгүл Кыдыралиева SUPER.KG порталына билдиргендей, ал "London IFF-2018" сыйлык тапшыруу аземинде жылдын "Мыкты чач жасалга грим жана келбет" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Айгүл Кыдыралиева: "20-кылымдын Гомери Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" фильминде гримдөөчү болуп иштегем. Саякбай фондунан мага чакыруу келиптир. КМШ өлкөлөрүнөн грим боюнча ат салышкан Кыргыз өлкөсүнөн мен эле экенмин. Бул “Оскардан” кийинки эле кинопремия. Эгер мында наамга татысам дароо "Оскарга" көрсөтүлөт экенмин. Буюрса, 14-февралда Лондонго учуп кетебиз", - деп билдирди.

Кошумчалай кетсек, Айгүл Кыдыралиева 5 жылдан бери гримдөөчү болуп иштеп келет. Ал SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүндөгү видеоматериалда грим кандай коюларын көрсөтүп өткөн.

Кандуу эпизоддорду чагылдыруудагы грим кантип жасалат?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2018-01-12 12:30:54
Акыркы сурот кантет, ошончо да жыртаябы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан