Караколдо массалык мушташка катышкандардын ар бирине 1500 сомдон айып салынып, 8 саат коомдук жумушка кесилишти

Караколдо массалык мушташка катышкандардын ар бирине 1500 сомдон айып салынып, 8 саат коомдук жумушка кесилишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Каракол шаардык соту Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жөнөтүлгөн ишти карап, чечим чыгарган.

Ага ылайык Караколдо массалык мушташка катышкандардын ичинен жалпы 6 адам Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бирине 1500 сомдон айып салган. Ошондой эле 8 сааттык коомдук жумушка кесилишкен.

Айта кетсек, окуя 5-январда Каракол шаарында катталган. Анда ижарага берилген лыжанын айынан жергиликтүү тургундар арасында түшүнбөстүк чыгып, эки тарап мушташа кетишкен.

Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына караганда, эки тарап бири-бирин тааныгандыктан ошол эле жерден элдешип, маселени чечип алышкан.

Каракол шаарындагы мушташ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2018-01-12 11:49:52
Туура ушундай чара коргону болбосо беспредел болуп кетет
+1
Nargiza1987k
2018-01-12 12:14:53
Эн туура чечим
0
Attila88
2018-01-13 11:42:09
тока шакалдар толпа кылат.эркек болом десен таяк жесен да волк бол тууганым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан