Чолпон-Атада тургунду 5-кабаттан ыргытабыз деп коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышкан эки жигит кармалды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 30 жаштагы тургунду 5-кабаттан ыргытабыз деп коркутууга шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 12-январда Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 9-январда милицияга 1987-жылы туулган Сергей аттуу тургун арыз менен кайрылган. Ал берген арызында 8-январь күнү саат 17:00 чамаларында Руслан жана Сейит деген эки жигит унаасына аны зордоп салып, андан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып кирип 5-кабаттан ыргытабыз деп коркутушканын жана уюлдук телефонун тартып алышканын айткан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, 11-январда 1992-жылы туулган Руслан жана Сейит деген Чолпон-Ата шаарынын тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Маалыматтарга караганда, алар буга чейин да маңзат жүгүртүүгө шектүү катары кармалып, бирок Ысык-Көл райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан