Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси түрк тилдүү мамлекеттерде да өзгөчө белгиленет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов бүгүн, 12-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“2018-жылды "Түрксой" уюмуна кирген өлкөлөр “Айтматов жылы” деп жарыялады. Бул деген эң көп каражат ушул багытта жумшалат деген кеп. Анткени быйыл улуу жазуучунун 90 жылдыгы белгиленет. Ага ылайык, Айтматовдун чыгармачылыгына арналган түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул уюмга кирген өлкөлөрдө анын эстеликтери орнотулуп, көчөлөргө аты берилет”, - деди Жумагулов.
Белгилей кетсек, Түрк тилдүү элдердин "Түрксой" маданий уюмунун эл аралык отуруму 2017-жылдын 7-декабрдагы жыйынында 2018-жылды “Айтматов жылы” деп жарыялаган. "Түрксой" эл аралык маданий уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Түркмөнстан жана Түркия кирет. Уюмдун негизги максаты - түрк тилдүү элдердин мамилесин чыңдоо жана аларга тиешелүү болгон маданий баалуулуктарды сактоо.
Буга чейин жазуучу төрөлүп-өскөн Шекер айылындагы 20 гектар жерге "Чыңгыз Ордосу" комплекси курула тургандыгы маалымдалган.