Кытайдын түндүгүндөгү Линьфэнь шаарында христиандардын чиркөөсү жардырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, полиция кызматкерлери "Алтын чырак" аталыштагы чиркөөнү курчоого алышкан, ал эми куруучулар атайын заттарды сыйынуучу жайдын ичине жайгаштырып, жардыруу болгон. Жардыруудан соң атайын техниканын жардамы менен имараттын калган урандылары талкаланган.
Бул Кытайда акыркы ай ичинде жардырылган экинчи чиркөө. "Алтын чырак" чиркөөсү 2008-жылы курулган. Чиркөөнүн башчысы Ян Ронгли "жол кыймылын бузуу үчүн адамдарды чогулткан" деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Дин кызматкери 2016-жылдын октябрь айында эркиндикке чыгып полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгон.
Кытай бийлигинин чиркөөлөргө каршы күрөшү 2013-жылы башталган. 2 жыл өткөн соң күрөш күчөгөн. Мындай иш-аракеттерди өзгөчө Чжэцзян провинциясынын бийлиги колго алган. Аталган аймакта 1 миң 200дөн ашуун кичи жана чоң чиркөөлөр жабылган.