Жалал-Абадда чек арага жакын жерде балык уулагандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда чек арага жакын жерде балык уулаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бүргөндү айылынын эки жашоочусу Достук айылына барышып, чек арага жакын жерде балык уулап жүрүшкөн.

"Кармалган эки жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды. Ал жерде чек ара зымына 50 метрге чейин жакын барбаш керек болчу", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omuur94
2018-01-12 20:37:27
Уулаппы? Же улапы? Уулап- улап.уулап олтуруп журушуптурбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан