Сокулук районунда 17 жаштагы кыз бир айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17 жаштагы Аманкыз Мийзамидинова 2017-жылдын 13-декабрь күнү Жаңы-Жер айылындагы лицейден чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Бою 165-168 сантиметр, арыкчырай, чачы, кашы кара. Ошол күнү көк куртка, кара шым, көк өтүк кийип жүргөн. Эгер ал тууралуу маалыматка ээ болсоңуздар, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (704) 01-23-76, 0 (707) 43-41-70 номурларына чалсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.