Ысык-Көлдө "тургундун таманына үтүк басып кыйнап, акча талап кылган" деп шектелген 5 адам кармалды

Ысык-Көл районунда "тургундун таманына үтүк басып кыйнап, акча талап кылган" деп шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 12-январда Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Анын айтымында, райондогу Сары-Камыш айылынын 25 жаштагы тургуну кыйноого кабылганын айтып милицияга 2017-жылдын 24-декабрында арыз менен кайрылган.

"Анын айтымында, ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамаларында үйүнө үч жигит беткапчан кирип келип акча талап кылышкан. Акча бербей каршы болгондо ысытылган үтүктү таманына басып кыйноого алып, андан кийин үйүнөн уюлдук телефонун, 4 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып чыгып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 20-25 жаш курактагы 5 жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алар Чүй, Нарын жана Талас облустарынын тургундары болуп чыкты. Шектүүлөрдүн үчөө үйгө кирген болсо, экөө сыртта байкоо салып турган", - деди Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Mers124
2018-01-12 21:00:37
Өзүлөрүнө басса
+4
Beka9393
2018-01-13 00:54:28
Mers124. Тешигине десен.
+4
Totyua.71.
2018-01-12 21:09:59
Акмактар !Арам тамактар !
+7
Arlenchik
2018-01-12 21:10:40
Оздорунда ошонтип кыйнагыла акмактарды.
+11
Pandora
2018-01-13 00:34:51
Arlenchik,Шапкачандардын колуна тушсо эле жон койбойтгоо,куноосуз экенин билип туруп башына пакет кийдирип мойнуна алдырат,мындайда жон эле жыргап ойношсо керек
+3
InsanIndira94
2018-01-12 22:28:25
Арам тамак аш болбойт!Бироонуку бирооно буйурбайт..
+8
JaneEr
2018-01-12 22:39:27
Аябай тоноп кеткендер кобойдуго тообо.
+7
datkayimjan
2018-01-12 22:59:14
Адам сымал жырткычтар тозоктун отуна куйсонор экен ылайым
+3
senchi
2018-01-13 00:26:47
Каттуу закон киргизбесе мындай иттер кобойуп кеттиго
+6
chyrok
2018-01-13 02:28:42
Акыркы кундору, катары менен болуп атат, тоноп, кыйнап олтургондор. Катуу жазаласа башкаларга сабак болгудай.
+4
Adiletia
2018-01-13 10:42:35
Айбандарга катуу жаза бериш керек
+2
Zainidin96
2018-01-13 21:10:42
Ошон учун айткан да кылмыш кырк жылда да билинет деп
+2
Malik92
2018-01-14 11:19:53
Мындай эки буттуу айбандардан канткенде кутулабыз??Уйдо курал кармаш керекпи?Жазаланбай жатышпайбы,милиция акчасын алып кое берет.Жепжутаттардын уйлоруно киришсе жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан