"Реал Мадрид" футболдук клубу Неймарды сатып алуу ниети бар экенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, испаниялык клуб азыркы тапта "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймарды 400 миллион еврого сатып алууну көздөп жатат.
"Франциялык клубдун президенти Нассер Аль-Хелайфи Неймарды сата турган ою жок. Бирок "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары "ПСЖ" клубунун жетекчисин кызыктыра алат. Бул оюнчулардын арасында форвард Криштиану Роналду дагы бар", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылы франциялыктар Неймарды "Барселона" клубунан 222 миллион еврого сатып алган.