Бишкекке жакын аймакта жер титиреди

Бүгүн, 13-январь күнү таңкы саат 5:40 чамасында Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталып, анын күчү очогунда 3 баллга жетти. Сейсмология институтунан кабарлашкандай, жер титирөө Арпа-Тектир айылынан 10 чакырым, Бишкек шаарынан 66 чакырым түштүк-чыгышта, Шамшы айылынан 33 чакырым түндүк-батышта орун алган. Жер титирөөнүн күчү Арпа-Тектир айылында 2,5 балл, Кегети айылында 2 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан