Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө тиешеси бар делип дагы бир шектүү адам кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, полиция “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деген айып менен Х.К. аттуу жаранды кармаган. Ал Түркиянын маалыматтык жана байланыш технологиялар башкармалыгынын мурдагы кызматкери болгон. Анкара соту аны камакка алуу боюнча чечим чыгарды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго Түркиядагы көргөзмө учурунда куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза болгон. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерден полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул кылмышка катыштыгы бар делип бир канча адам кармалган. Алардын арасында ТРТ мамлекеттик каналынын мурдагы кызматкери, "Gündem Avrasya" жана "Gündem Rusya" журналдарын чыгарган "Guru Medya" ишканасынын ээси да бар.