Чүй облусунун Сокулук районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, аны унаасына салып Бишкекке алып келип көчөгө таштап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 1-январга караган түнү болгон. "№4-Бишкек шаардык ооруканасына оор жаракаттарды алган мас абалындагы адам түшүп, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбестен каза болгон. Кийин аны унаа сүзүп кеткени, ал Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 40 жаштагы К.Н. аттуу тургуну экени аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада маркумду сүзүп кеткен деп Бишкек шаарынын 45 жаштагы С.А.аттуу тургуну кармалды", - дешти мекемеден.
Ошондой эле шектүү кылмышты моюнуна алып көрсөтмө бергени да белгилүү болду. Суракта ал милиция кызматкерлерине Сокулук районунда каза болгон адамды сүзүп кетип, аны унаасына салып Бишкек шаарына алып келип көчөгө таштап кетип калганын айтты.