Өткөн жылдын 5-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жолдошбек уулу Жаркынбектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG'ге маркумдун таякеси Алтынбек Жаанбаев билдирди.
"Жаркынбек 4-декабрь күнү жумуштан чыгып Курманжан датка көчөсүндөгү “Голден сезон” аттуу кафеде достору менен эс алып отурушкан экен. Жээним алар менен чогуу кетүүгө макул болбой, кафеде калып калыптыр. Ошону менен үйгө кайтып келген эмес.
Биз аны издөө үчүн сүрөтүн бардык маалымат булактарына берип, күч органдарына кайрылдык. Төлгөчүлөргө барсак, "ал тирүү бир үйдө камалып жатат, жанында дагы 3 бала бар" дешкен. Көрсө, анын сөөгү 20-декабрда эле Бишкектеги Чоң Чүй каналынан табылыптыр. Биз муну 27-декабрда өлүкканадан билдик.
Ал 29-декабрда өзү туулган Куланак айылында жерге берилди. Сууда жата берип денеси шишип кетиптир. Киши колдуу болгон деп ойлоп жатабыз. Себеби жылаңач кылып чечинтип, сууга ыргытып жиберишиптир. Кийимдерин таппай койдук. Учурда судмедэкспертизанын жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди маркумдун таякеси.
Жаанбаев билдиргендей, каза болгон жигит 1998-жылдын 15-апрелинде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы “Мадина” базарынын жанында жайгашкан тигүү цехтеринин биринде үтүкчү болуп иштеп жүргөн. Үйлөнгөн эмес. Бир тууган агасы менен Чоң Чүй каналы тарапта батирде чогуу жашашчу. Учурда апасынын жүрөгү ооруп, ооруканада дарыланууда. Кылмышкерлер табыла элек.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте 2017-жылдын 5-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жолдошбек уулу Жаркынбек изделип жаткан. Ал 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Курманжан датка 115-дарегинде жайгашкан "Голден сезон" кафесинен чыгып үйүнө кеткен боюнча келген эмес.