Орусияда полиция кызматкерлеринен унаасы менен качып кетүүгө аракет кылгандар жол кырсыгына кабылып, 3 адам каза болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерлеринен унаасы менен качып кетүүгө аракет кылгандар жол кырсыгына кабылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 12-январдан 13-январга караган түнү жергиликтүү убакыт менен болжолдуу саат 03:30дар чамасында болгон. Анда катуу ылдамдыкта бара жаткан Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа полиция кызматкерлеринин токтотконуна баш ийбей качып кетүүгө аракет кылган. Катуу ылдамдыкта бара жатып бурулууга аракет кылганда жолдон чыгып электр мамысын сүзүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү ошол жерде каза болуп, дагы 2 жүргүнчүсү оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zainidin96
2018-01-13 23:14:05
Жаткан жери жайлуу болсун,туугандарына сабыр. Жай эле айдашса болбойт беле
+5
Povetkin
2018-01-13 23:21:34
Алып барып камап жиберседа токтосо болмок башкаларга зыянын тийгизбей
+5
muslim87
2018-01-14 00:23:09
Эмне кыргыздар бекен?
-1
Omuur94
2018-01-14 11:57:44
Тооба, ошончолук да коркобу мусорлордон! Канча адамды сыздатып кетишти аркы дуйного.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан