Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, чектөө унаа тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында киргизилди.
"13-январь күнү саат 17:00дөн баштап "Сосновка" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Жеңил унааларга чектөө жок. Ал эми аталган жолдун 401-чакырымына саат 18:20 чамасында болжол менен 250 метр куб таш көчкү түшүп, саат 22:30да жол толугу менен тазаланды. Жабыркагандар жок", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.