Чычкандагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын бири наристе кыз, ал ооруканада

Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында жол кырсыгынан жаракат алган 3 адамдын арасында 6-7 жаштагы кыз бар, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"56 жаштагы жабырлануучу жеңил жаракат алганы үчүн ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө коё берилди. Калган 2 жабырлануучу учурда ооруканада дарыланууда. Алардын бири 20 жаштагы жигит, ал оорукананын хирургия бөлүмүндө, экинчиси 6-7 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөөсүнүн тең денелеринде көптөгөн сыныктар бар", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, кечээ, 13-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында болгон жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, 3 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aruw89
2018-01-14 12:15:22
Жаратканым озу сактасын,самалетко билеттин баасын кичине арзаныраак кылышса жакшы болмок,колунда бары бар,жогуда бар,жете турган жерине жетпей жан беришуудо Кыргыздар!
+18
GULZAT.83
2018-01-14 13:31:43
Учактарга бааны туруктуу жок дегенде 1200. 1500 сомдон кылса болот эле.жургунчу калк учак менен барып келип турушса. Ошондо трассада жалан гана крузовой чон машиналар гана кенири журушсо жол кырсыктар азаймак.
+11
Bektur.osh
2018-01-14 15:32:36
ошон учун да жолду ондобой жатышса керек! жолдор тептегиз болсо анда баары катуу ылдамдыкта журушуп кырсык кобоймок!
-2
RusMos76
2018-01-14 16:29:13
Bektur.osh,Сенин оюн боюнча жолду ондоп деле кереги жок го. Жолду тегиз ондоп керектуу жерге белгилерди ордуна коюп, айдоочулар бири бирин сыйлапжол эрежесин сактаса эле болду. Шашып эч ким эч жака жеткен эмес коп болсо 1саат эрте жетесин.!
+1
Totyua.71.
2018-01-14 17:27:05
Аман эсен айыгып кетишсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан