АКШнын Калифорния штатынын 28 жаштагы тургуну өзүнүн апасын атып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 68 жаштагы Лидия Николсон компьютердик оюндарды ойноп отурган уулунун ал-абалын сурап коюу үчүн анын бөлмөсүнө кирген. Ал жакта эне-баланын ортосунда түшүнбөстүк келип чыгып, пикир келишпестик орун алган. Талаш-тартыштын натыйжасында уулу наушнигин сындырып алган, буга ачууланып ал апасын тапанча менен атып өлтүрүп салган.
Ошондой эле аталган маалыматта апасын аткан 28 жаштагы адам тартип сакчылары тарабынан камакка алынып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.