Ирандын Сот бийлиги өлкөдө болуп өткөн баш аламандыктан улам 25 адам каза болгонун билдирди

Ирандын Сот бийлиги өлкөдө болуп өткөн баш аламандыктан улам 25 адам каза болгонун билдирди. Ошондой эле маалыматта 400гө жакын адам камакта экени айтылат.

"Маркумдардын бири да коопсуздук күчтөрүнүн огунан каза болушкан эмес. Ал эми кармалгандардын ичинен 50дөй адам Тегеранда", - дейт сот бийлигинин өкүлү.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 28-декабрда Ирандын жергиликтүү тургундары бийликке нааразычылык митингин башташкан. Жыйынтыгында коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы тирешүүдөн бир канча адам каза болуп, жүздөгөн адам камакка алынган болчу.

Митингге чыккандар өлкөнүн оор экономикасынын айынан бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык айтып чыгышкан. Алар полиция бөлүмдөрү менен аскердик базаны басып алууга аракет кылышкан. Ал эми Иран президенти Хасан Рухани өлкө жарандарын тынчтыкты сактоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан