Перуда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы 14-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу калк жашаган Арекипа аймагынан 42 чакырым түштүк-батышта орун алган. Зилзаланын күчү 7,3 баллга жетип, анын кесепетинен 55 жаштагы жергиликтүү тургунга таш кулап, ал каза болгон. Ошондой эле 65 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик жер титирөөдөн дагы бир адамдын каза болгонун айтууда.