Бүгүн Бишкек шаардык соту Аида Салянованын ишин карайт

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин карайт. Буга чейинки отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова жоопкер ооруп, ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу отурумду 15-20 күнгө жылдыра турууну суранган болчу. Бирок сот Ирина Воронцова жактоочунун сунушун канааттандырган эмес. Отурумду 15-январга саат 14:00гө белгилеген болчу.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2018-01-15 08:56:52
Бүгүн дагы бирөө ооруйт же келбей калат дагы жылат болуш керек.
+1
ularik_kg
2018-01-15 09:09:34
Бугун чечим чыгат
0
o.aza
2018-01-15 09:15:04
Канча жолу жылдырса болот өзү соттук отурумду. юристтер айтсынчы эл билсин
+4
Aza17
2018-01-15 09:24:38
Аида камалсын! Убагында бийликтин ити элен ал десе алып бас десе баса калып. Батукаевдин качуусуна сенин туздон туз куноон бар. Кара башынды ойлоп сен
Эл учун жакшы жумуш жасаган жоксун.
+1
toktor89
2018-01-15 09:36:47
Aza17,оз козун менен корсон айт или жаз.
Бироонун оозунан алып бироого айтпа куноо болот.
Пайгамбарыбыздын жакшы созу бар
Жакшы соз айтууну билбесен анда унчукпа деп....
Сендей ач коз кылаарга иш таппай калгандар жерибизди элибизди болуп жарып атат. Жазсан жакшына элдин маанайы ачылгыдай кылып жаз.
+2
Aza17
2018-01-15 15:26:04
toktor89, Токтор иним баарын жакшы деп коколотуп мактап олтуруп ушул акыбалга жеттик иним.тышкы карыз 4 миллиярл айдаганын 4 эчки ышкырыгын таш жарат.
Кыргызтанга тартип керек тартип жана да жазаолоо к.к
Шарият жолунда деле ууруларды жазага тартышат эсинде болусн.
+1
admiral
2018-01-15 11:37:46
Мелис Мырзакматов Ошту гүлдөтүп, элдин үмүтүн жандырып турган кезде АШАнын буйругу менен, жасалма документердин негизинде иш козгоп,кугунтуктаган дал ушул эжебиз эле.. Эми мынтип озу соттолуп жүрөт. "Бирөөгө көр казсан өзүн түшөсүн" деген сөз дал ушул Саляновага арналгандай.. Балким Кудайдын адилеттүүлүгү!!!
+2
Mavlyuda
2018-01-15 11:44:16
Ай билбейм билбейм. Бүгүн креслодо эртең түрмөдө. Түшүнбөйм эч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан