"Барселона" футбол клубу Испания чемпиондугунда 2007-жылдан бери "Реал Сосьедадды" алгачкы жолу жеңди

Испания чемпиондугунун 19-турунун алкагында "Барселона" футбол клубу конокто "Реал Сосьедад" менен ойноп 4:2 эсеби менен жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Реал Сосьедад" клубунун Виллиан Жозе да Силва жана Хуанминин голуна "Барселонанын" оюнчулары Луис Суарестин 2 голу, Паулиньонун жана Лионель Мессинин голдору менен жооп кайтарды.

Бул жеңиш менен "Барселона" футбол клубу Испания чемпиондугунун алкагында "Реал Сосьедад" клубун конокто 2007-жылдан бери алгачкы жолу жеңип алды. Командалар 2007-жылдан бери 7 жолу кез келген. Анда "Реал Сосьедад" 5 жолу жеңишке жетип, 2 беттеште командалар тең эсепте жыйынтыктаган болчу.

Реал Сосьедад - Барселона. Испания Чемпиондугу 14.01.2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
barsa30
2018-01-15 12:09:18
Браво!Барса.
+1
aksuu_aduk
2018-01-15 12:21:05
Eto BARSA
-2
aksuu_aduk
2018-01-15 12:23:54
Дагы реалдан 19 очко жогорулап кеткенин да жазып койсонор
+1
Rasul94
2018-01-15 13:40:51
aksuu_aduk, туура жаздын кошулам сага
0
nuri1
2018-01-15 12:47:12
Барселона + Лионель Месси = Чемпион.
0
zhaku2017
2018-01-15 12:57:09
Барселонанын бир дагы оюунун откорбойм. Анкени ал жерде Лое Месси бар. Месси просто супер.
+3
Badr.Hari.
2018-01-15 13:24:44
Жакында основной составга Мина Умтити Коутиньо лор кошулса бомба болотко буйруса улуу БАРСА.
-2
Isco23
2018-01-15 14:15:48
Badr.Hari.,бул жагын да коробуз утат бекен ЛЧны.
-3
ABIL
2018-01-15 14:44:13
Бapсeлонa apмиясынa куттуктоолоp!aзыpкы тaптa eвpопaнын эн мыкты клубу бул Бapсeлонa .#Бaaapсaa}A У A У A У
0
FCBMESSI
2018-01-15 16:34:31
Барса Ла Лига Испания кубогун жана чемпионор лигасын багындырат Алга Барса
-1
Dembele84
2018-01-15 21:16:19
Барселона Европадагы 5кучтуу чемпионаттагы бир да поражениеси жок клуб болуп озу калды.Суарестин дальний уголго сайган голун коро берип тажабайтам )))
+1
Makkambaev97
2018-01-15 23:33:59
Месси Ким элэ
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан