Бишкек-Ош жолунда эки бензовоз жол кырсыгына кабылып, 26 тонна күйүүчү май төгүлдү

Бишкек-Ош жолунда эки бензовоз жол кырсыгына кабылып, 26 тонна күйүүчү май төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-январь күнү саат 14:00дө Бишкек-Ош жолунун 422-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, анын кесепетинен 1 тонна май төгүлгөн.

Ошондой эле 14-январь күнү саат 20:49 чамасында Бишкек-Ош жолунун 326-чакырымында бензовоздун катышуусунда дагы бир жол кырсыгы катталган. Анда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, кырсык болгон жерге 25 тонна күйүүчү май төгүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco23
2018-01-15 11:35:08
Буларды неге кое беришет посттон. Кар жаап жатканвн коруи туруп
-2
RusMos76
2018-01-15 11:41:56
Эмнеге бензовоздор эле акыркы убакта?!
-3
warrior96
2018-01-15 12:12:50
Бишкектен Баткенге чейин куйуучу май ага турган труба орнотуп койуш керек болуп калды!!!
+6
Leilek-razzakov
2018-01-16 00:25:38
warrior96, Лейлекке чейин бут бензовоздор биздин айылдан отот Таджикистанга контрабанда жолу менен.
0
nurbekasr
2018-01-15 12:52:11
Бензовоздор жолду да бузуп жатышат,Өзбекстан аркылуу темир жол менен ташыса болбойбу?Кыргыз Өзбек мамилеси жакшырып да калды эле.
+5
Badr.Hari.
2018-01-15 13:22:45
Дагы бир чон курсак коррупционердин кантрабандасы тогулду, бирок эч нерсе болбойт, тескерисинче сооп болот алардыкы ушинтип коп-коптон тогулуп турса. Мындай оор жук ташыган машиналар жолду бузуштан башка элге эч кандай пайдасы деле жок, жаллан оз кекиртегин ойлогондордун пайдасы.
-4
Jango
2018-01-15 13:27:06
Ушул жолду жакшылап тазалап койбосо болбой калды кардан мчс алы жетбесе куралдуу кучтордун техникасын тартыш керек бул жерге бул кетиште кырылып жок болобуз жолдо журуп эле
+3
anandi
2018-01-15 14:09:09
өкмөт жалпы кыргызстандагы айыл башчыларына тапшырма берсин мечиттерде куран окутулсун деп ар кандай кырсыктар болуп жатат го кудай деп кан чыгарып
0
jbolotov
2018-01-15 15:48:25
Нефть продукталарын ташыган ишканаларга Газпромго экологияны кыйратып атканы учун эмне учун чон чон штраф салынбайт? Ушул боюнча МК катары билип сураштырсанарго СИ. Жылда 100 догон тонна май куюлуп атат, мындай болоберсе сай сайлар чолго айланатко.
0
Taalaibek.
2018-01-15 19:47:46
Буларды тажырыйбасы жок жаш балдар айдашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан